21 февраль 2023
Кароолор: (276)
Жалал-Абад шаардык мэриясы 2022-жылдын отчётун берип, 2023-жылдын бюджет долбоорун коомдук угуудан өткөрдү

Бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрия тарабынан тарабынан 2022 -жылы аткарылган жумуштардын отчётун берди. Ага шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Жалал-Абад шаарында жергиликтүү жана республикалык бюджеттен жасалган курулуштар, тартылган инвестициялар, аткарылган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер, 2022-жылы жергиликтүү бюджеттен аткарыла турчу жумуштар боюнча даярдалган видео материал көрсөтүлдү.
Андан соң шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү максатында 2023-жылга республикалык бюджеттен 2 млрд. сом акча каражаты бөлүнүп жатканын белгилеп, ага сунушталган долбоорорду тааныштырып, элге кенен маалымат берди. Ошондой эле калаа башчысы жарандарды тазалык маселесине олуттуу көңүл бурууга чакырып, бул багыттар аткарылып жаткан иштерге да токтолду.
Жыйындын калган бөлүгү суроо-жооп иретинде улантылып, шаар тургундары тарабынан айтылган суроо-сунуштар боюнча жетекчилерге тапшырмалар берилди
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз