29 ноябрь 2024

Кароолор: (29)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ДЕПУТАТТАРЫНА МАНДАТ ТАПШЫРЫЛДЫ

 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясы өттү. Ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жусуп Бейшенбаев катышып, жаңы шайланып келген депутаттарга мандат тапшырып, иштеринде ийгиликтерди каалады.

Күн тартибине ылайык, шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары шайланды. Төраганы шайлоо жабык добуш берүү менен өтүп, анда 37 "макул" 3 "каршы" добуш менен Турдубеков Орозбек Турдубекович Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Ал эми төраганын орун басарларын шайлоо ачык добуш берүү менен колго салынып, Каныбек Маманов жана Нуртилек Болотов төраганын орун басарлары болуп шайланды.

Сессиянын жүрүшүндө шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамы бекитилди. Андан соң, ушул жылдын 20-декабрында өтүүчү Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү боюнча графиги бекитилди.

Ар түрдүү маселелер учурунда мыйзамсыз жерлерди жана имараттарды муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча маселелер талкууга алынып, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен алган добуштардын пайызына жараша "Жаңы-Кыргызстан" партиясы 20,

"Адилет" партиясы 17,

"Эмгек" партиясы 4 мандатка ээ болгон. Бүгүн, аталган үч фракция биригип, "Бек" коалиция түзүлдү.

Эске салсак, административдик аймактык реформадан кийин Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутаттардын саны 31ден 41ге көбөйгөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз