21 март 2023

Кароолор: (53)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаевдин Нооруз майрамына карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору!

Жаңылануунун майрамы болгон «Нооруз» майрамыңыздар куттуу болсун!

Табиятка көрк берген жаз мезгили өзгөчө сулуу . Жер ойгонуп, жаратылыш жанданат. Баарыңыздарды жаздай жаркыган, берекенин жана токчулуктун майрамы болгон “Нооруз” майрамы менен өзүмдүн жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм.

Тарыхчылар Нооруз сөзүн перс тилинен которгондо “нав”- жаңы “руз”- күн деген эки түшүнүктөн туруп, “жаңы күн” башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган – күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирээрин айтышат. Жер шаарында климаттык өзгөрүү пайда болуп, же башкача айтканда жаратылыш күчтөрүнүн кайра жаралуу мезгили –жаз менен байланышкан десек болот.

“Жаздын бир күнү, бир жылга тете” деп коюшат . Жамгыр көп болсо, дыйкандын мээнети кайтат. Элибизде токчулук, молчулук болот. Көп улуттан куралган Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору бул күндү өзгөчө шаң менен белгилеп келишет.

Элибиз эзелтен бул майрамга өзгөчө көңүл буруп, эски жылды узатып, жаңы жылды тосуу үчүн ар кандай камылгаларды көргөн. Айрыкча, арча түтөтүшүп, короо-жайды таза кармап, аласташкан. Андыктан, улуулардан мурас катарып калыптанып калган улуу Нооруз майрамы куттуу болсун. Жергебизде тынчтык, бакубатчылык болуп, кырманыбыз данга, дастарконубуз нанга толсун.

“Нооруз” майрамы куттуу болсун!

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы

Нуртилек Орозбаев

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз