03 март 2023

Кароолор: (215)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаевдин Мамлекеттик туу күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору!

1992-жылдын 3-марты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калчу тарыхый окуянын орун алганына быйыл 31 жыл толуп олтурат. Баарыңыздарды мамлекеттик туубуздун кабыл алынган күнү менен Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын.

Дал ушул күнү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан улуттун сыймыгы болгон мамлекеттик туубуз бекитилген. Эзелтен эле элибиз кызыл туунун астында бир муштумдай биригип , өз алдынча мамлекет, өз алдынча эл болууга умтулуп келген. Улуу эпос Манаста да туу жөнүндө саптар келтирилет. Анда, “Желеги туудан бөлүнбөй, жердин жүзү көрүнбөй, жер суюлуп балкылдап, желеги алтын туу болду” деген саптарды кезиктирүүгө болот.

Чындыгында туу жөнүндө эзелтен ата-бабаларыбыз кеңири түшүнүк менен карап, анын баалуулугун сактап келишкен. Ар бир кыргызстандык жаран, айрыкча жаштарыбыздын мекенге болгон атуулдук ыйык сезими , патриоттук духу бийик болуп турганда туубуз түбөлүккө желбирей берет.

Өлкөнүн келчеги үчүн ата-бабалар салтын улап, бир туунун астына бириккенде гана – мамлекеттүүлүгүбүз бекем жана туруктуу болоору бышык.

Эгемен элибиздин эркиндигин, улутубуздун улуулугун даңазалаган туубуз кылымдарды карытып, желбирей берсин. Дагы бир жолу өзүмдүн жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депуттарынын атынан бүгүнкү туу күнү менен куттуктаймын!

Журтубузда тынчтык болуп, элибиз бакубат турмушта өмүр кечирсин.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы

Нуртилек Орозбаев

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз