01 сентябрь 2023
Кароолор: (60)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык комитетинин отуруму болду

30-августта Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык комитетинин төрайымы Буниса Мамадалиева баштаган туруктуу комиссия курамынын мүчөлөрү кезектеги отурумга чогулушту.
Анда комиссия курамы шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан иштелип чыккан “Алтын тамга” жана “Алтын сертификатка” ээ болгон окуучуларды сыйлоо, «Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу, жаңы муниципалдык базардын ишмердүүлүгү жөнүндөгү жоболорду карады. Депуттар жогорудагы жоболордун айрым пункттарына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды айтышып, келерки сессиянын кароосуна жибермей болушту.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз