11 июль 2023
Кароолор: (82)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык комитетинин депутаттары Кара - Алмадагы "Алтын балалык" лагеринен кабар алышты

10-июлда Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык комитетинин төрайымы Буниса Мамадалиева баштаган эл өкүлдөрү, тиешелүү адистер менен биргеликте Сузак районунун Кара-Алма айылындагы "Алтын балалык" лагеринин ишмердүүлүгү менен таанышып кайтышты.
Аталган лагерь Совет мезгилинде курулгандыктан, учурда балдар жатуучу жатаканалардын эскилиги жеткен. 3 коттедж ӨКМ корутундусу менен жабылган.
100 балага ылайыкташкан лагерде учурда Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган 7 жаштан 14 жашка чейинки 75 бала эс алууда. Лагердеги шарт-жагдай эл өкүлдөрү тарабынан канааттандырарлык деп табылып, алдыда заманбап коттедждерди куруу үчүн тиешелүү иш-пландарды жүзөгө ашыруу зарылчылыгы белгиленди.
Эскерте кетсек, аталган лагерь 1- июлдан тарта балдарды кабыл алып иштей баштаган. Ал эми каржылоо жагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Мында негизинен, шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден- соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен ажыраган балдар жыл сайын эс алууга келишет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз