28 декабрь 2023
Кароолор: (55)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXXVI сессиясы өттү.

Бүгүн, 26-декабрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Ага, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, депутаттар жана мекеме - ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2023-жылдагы токтомдорунун аткарылышы жана туруктуу комиссиялардын жыл ичинде аткарган жумуштары боюнча маалыматтарын угуу жөнүндө.
2. 2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө.
3. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесине 2 даана таштанды ташуучу автоунаа сатып алуу боюнча долбоорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө.
4. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад Жол башкармалыгына асфальт төшөөчү техника жана экскаватор сатып алуу боюнча долбоорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө.
5. Жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө.
6. Эскилиги жеткен муниципалдык имараттарды бузууга макулдук берүү жөнүндө.
7. КРнын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентиктин балансындагы мүлктү өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө.
8. Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык автоунаа базарынын тарифи жөнүндө.
9. Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жерлердин ижара акысы жөнүндө.
10. Өнөр жай, соода, ишмердүүлүк жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасы.
Сессиянын жүрүшүндө күн тартибине коюлган маселелерден сырткары дагы 2 маселе сунушка коюлуп, жалпы 12 маселе талкуланды.
Алгач, Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын бир жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча маалымат берилди. Андан соң, Нурбек Хайткулов 2022-жылдагы бюджеттин аткарылышы, киреше, чыгашасы жөнүндө баяндама жасады. Бул жаатта эл өкүлдөрү тарабынан сунуш - пикирлер айтылып, токтом долбоору колдоо тапты.
Ошондой эле, күн тартибине коюлган "Жалал-Абад Тазалык" мекемесине 2 даана таштанды ташуучу автунаа сатып алуу боюнча долбоорго макулдук берилсе, ( 70% өнүктүрүү фондунун эсебинен, 30% үлүштүк каржылоо менен) ушундай эле долбоор менен "Жол" башкармалыгына асфальт төшөөчү техника жана экскаватор сатып алууга бир добуштан макулдук берилди .
Мындан сырткары, жер тилкелеринин укуктук зонасы, муниципалдык автоунаа базарынын тарифин өзгөртүү сыяктуу бир катар шаардын кызыкчылыгы үчүн маанилүү делген маселелер каралды.
Соңунда шаардык кеңештин туруктуу комиссия курамынын мүчөлөрү бекитилди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз