25 июнь 2024

Кароолор: (56)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XLIII СЕССИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 19-июнь күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XLIII сессиясы болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкелеринин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө

2. Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунун ижара тарифин бекитүү жөнүндө

3. Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жана жеке менчик жер тилкелерин мечиттин курулушуна көмөк көрсөтүү, куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө

4. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алынган автобустарды күрөөгө коюуу жөнүндө

5. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын реорганизациялоо жөнүндө

6. Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылында жайгашкан “Телтору” ат майданына жаңы муниципалдык базарын куруу жөнүндө

7. Жалал-Абад шаарынын Промзона аймагындагы эски асфальт-бетон завод жайгашкан муниципалдык жер аянты жөнүндө

8. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелеринин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө

9. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык мекемеси жөнүндө

10. Жалал-Абад шаарындагы “Бакыт” борборуна караштуу жер тилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө

11. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө

12. Жалал-Абад шаарынындагы жер тилкелери жөнүндө

13. Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсүндө жана Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан жер тилкелери жөнүндө

14. Жалал-Абад шаарынын "Бахрейн" шаарчасында жайгашкан спорт залды оперативдик башкарууга берүү жөнүндө

15. Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылындагы эскилиги жеткен имараттарды бузуу жөнүндө

16. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө

17. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин батирге алмаштыруу жөнүндө

18. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин алмаштыруу жөнүндө

19. Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндө жайгашкан №135 дарегиндеги муниципалдык батирлерди тикелей сатууга макулдук берүү жөнүндө

20. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын Р.Санатбаев атындагы №3 олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектебинин долбоору жөнүндө

21. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин токтомдору жөнүндө

22. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 12.03.2024-жылдагы XXXVIII сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө.

Ошондой эле, сессияда ар түрдүү маселелер да көтөрүлдү. Анда депутаттар шаардагы аялдамалар, билим берүү, тазалык, электр энергиясына байланышкан маселерди көтөрүшүп, жетекчилерге жеринде тапшырмалар берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз