05 июль 2023

Кароолор: (64)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү

 Бүгүн, 5-июлда Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев , шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде 7 маселе каралды:

1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 06.03.2023-жылдагы кезектеги 26-сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд.сом акча каражатына ишке ашуучу долбоорлор).

2. Жалал-Абад шаарынын аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө.

3. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолун жактыруу жөнүндө.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын балансындагы жер тилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө (П-1 өндүрүш зонасынан Ж-3 көп кабаттуу турак жай курууга) укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө.

5. Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчигиндеги эскилиги жеткен нан бышыруучу цехтин жабдууларын сатууга макулдук берүү жөнүндө.

6. Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын №12- токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

7. Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеке менчик жер тилкесин О.Кошевой көчөсүнүн №10 дарегинде жайгашкан муниципалдык жер тилкесине алмашуу боюнча.

8. Ар түрдүү маселелер

Сессиянын жүрүшүндө 1-маселе боюнча мэрдин биринчи орун басары К. Иманалиев баяндама жасады. Анда республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун алкагында жүргүзүлүп жаткан курулуш объектилери боюнча талкууланды. Маалым болгондой, 2 объектинин долбоору кыскартылып, анын ордуна шаардагы негизги көчөлөрдү капиталдык оңдоп-түзөө зарылчылыгы келип чыкканы айтылды. Депутаттар аткаруу бийлигине ири долбоорлорду ишке ашырууда эл өкүлдөрү менен кеңешип иш алып баруу зарылдыгын белгилешип, сунушту колдоп беришти.

Мындан сырткары, 2-3-4-5-7 маселе боюнча да талкуу жүрүп, сунуш-пикирлер менен колдоого алынды. 6-маселе боюнча кайчы пикирлер жаралды. Жыйынтыгында 16 макул 1 каршы добуш менен токтом долбоору жактырылды.

Ар түрдүү маселелер учурунда эл өкүлдөрү билим берүү, электр энергиясынын көп өчүп жатышы, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында аткарылып жаткан иштер боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, кемчилдиктерди жоюу талабын коюшту. Ошондой эле Жалал-Абад облусунан жалгыз “Алтын сертификатка” ээ болгон Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик “Билимкана” мектебинин бүтүрүүчүсү Сабина Маратбек кызына сыйлык берүү демилгесин көтөрүштү. Бүтүрүүчүгө 9 айдын жыйынтыгы менен каражат бөлүнөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз