18 октябрь 2023

Кароолор: (49)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы өттү

 17-октябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын

кезектеги XXXIII сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессияда күн тартибиндеги 6 маселеден сырткары, ар түрдүү маселелер да каралды. Алар:

1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 06.03.2023-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө

(жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча)

2. Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө

3. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 07.09.2023-жылдагы кезектеги XXXI сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

4. “Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

5.Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндө жайгашкан №135 дарегиндеги муниципалдык батирлерди тикелей сатууга макулдук берүү жөнүндө

6. Муниципалдык жер тилкеге ипотекалык турак жай курууга макулдук берүү жөнүндө

Сессиянын жүрүшүндө күн тартибине коюлган маселелер талкууга алынып, өзгөртүү, толуктоолор менен сунушталган токтом долбоорлору колдоо тапты.

Ар түрдүү маселелер учурунда шаардагы тазалык, жол, суу, билим берүү, курулуш багытында бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, жеринде тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырмалар берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз