07 сентябрь 2023

Кароолор: (47)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы өттү

Бүгүн, 7-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессияда күн тартибине коюлган 10 маселеден сырткары дагы эки маселе каралды.

1. Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки башкы планын бекитүү.

2. Жалал-Абад шаарындагы жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга жана имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө (№1 кесиптик лицейинин 3 га жер тилкесин баланска кабыл алуу жана авариялык абалдагы имаратты бузууга макулдук берүү жөнүндө)

3. Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин көчөсүн кеңейтүүгө макулдук берүү.

4. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө (О.Кошевой көчөсүндөгү имарат)

5. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкелеринин укуктук зоналарын өзгөртүү жөнүндө.

6. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттарынын 26.08.2003-жылдагы №26 сессиясынын №3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө (АПТ боюнча)

7. Жалал-Абад шаарындагы №8 орто билим берүүчү мектебине Асанов Бакытбек Амангелдиевичтин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө.

8. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө.

9. Окуучуларды жана алардын окутуучуларын жергиликтүү бюджеттен сыйлоо боюнча Жобону бекитүү жөнүндө

10. Т.Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу боюнча шаардык кеӊештин өнөр жай, соода, айыл чарба жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасы.

Сессиянын жүрүшүндө 1 –маселе боюнча материалдар толук кандуу иштелип чыкпагандын эске алышып, кийинки сессияга жылдырылды. Ал эми күн тартибиндеги 3-4-5-6 маселе боюнча сунуш-пикирлер эске алынып, өзгөртүү толуктоолор менен бир добуштан колдоо тапты. 7-маселе боюнча даярдалган маалымат чийки катары эсептелинип, эл өкүлдөрүнөн колдоо таппай, артка кайтарылды. 8-маселе боюнча токтом долбоору өзгөртүү толуктоолор менен колдоо тапса, 9-маселе боюнча социалдык комитеттин комиссия курамы иштеп чыккан сунуш кайра кароого жиберилип, артка кайтарылды. Ошондой эле, 10-маселе боюнча өнөр жай комитети көтөргөн жайыт маселеси боюнча даярдалган тактама талаш-тартыш пикирлер менен коштолуп, жеринен барып, мониторинг жүргүзүү үчүн комиссия курамы түзүлүп, бул жагдай боюнча алдыда жумуштар аткарылмай болду.

Мындан сырткары кошумча маселе катары кирген Мамлекеттик мүлктүн балансында турган 16 объектини шаардык муниципалдык менчикке өткөрүп алууга бир добуштан макулдук берилди. Ал эми ар түрдүү маселелер учурунда эл өкүлдөрү тарабынан аялдама, электр энергиясы, маршруттук каттамдар, жол, салык, билим берүүгө байланышкан бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, аткаруу бийлигине протоколдук тапшырмалар берилди.

Ошондой эле, депуттардын ыйгарым укуктары боюнча маселе көтөрүлүп, жыл бою сессияга келбеген депуттардын мандатын кароо боюнча сунуштар айтылды. Төрага бул багытта бардык фракциялардын чечимдери эске алынаарын белгилеп, алдыда мыйзамдуу кадамдарды жасоого даяр экендигин билдирди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз