07 март 2023

Кароолор: (203)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы өттү

6 –мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы өттү. Ага шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, калаа мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибине ылайык, депутаттар бир катар маселелерди карашты.

Сессиянын жүрүшүндө шаардын "Стратегиялык өнүгүү планы" өзгөртүү толуктоолор менен кабыл алынса, республикалык бюджеттен бөлүнүүчү 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен бүткөрүлө турган курулуш объектилери боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Шаар мэринин 2021-2022-жылдарда аткарылган жумуштары жөнүндөгү отчёту, айрым жетекчилердин кетирген кемчилдиктеринин айынан колдоо тапкан жок.

Ошондой эле, мугалимдердин коммуналдык чыгымдарга ай сайын төлөнүүчү 500 сом акча каражатын эл өкүлдөрү кайтарып беришти. “Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигин” жоюу боюнча шаардык мэриядан келип түшкөн сунуш артка кайтарылып, шаар калкынын күн санап өсүп жаткандыгына байланыштуу, аталган мекемени жоюу зарылчылыгы жок экени айтылды.

Ал эми 2023-жылдын бюджет долбоору өзгөртүү, толуктоолор менен кабыл алынды. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин планы 2023-жылга 776, 7 млн сом деп бекитилди жана бул 2022-жылга салыштырмалуу 200 млн сомго көп дегенди билдирет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз