15 февраль 2024
Кароолор: (54)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы өттү

Ага, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибиндеги маселелерден сырткары ар түрдүү маселелер да каралды.
1. Жалал-Абад шаарынын З. Жамашев көчөсүндө жайгашкан №135 даректеги муниципалдык батирлерди тикелей сатууга макулдук берүү жөнүндө
2. Жалал-Абад шаардык кеңештин 07.09.2023-жылдагы кезектеги XXXI сессиясынын № 6- токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө (Укук бузуулар комиссиясынын курамы)
3. Жалал-Абад шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети жөнүндө Жобосун бекитүү.
Мындан сырткары дагы эки маселе сунушталды.
Депутаттык туруктуу комиссия курамынын мүчөлөрүн өзгөртүү жана шаарга келген 50 автобусту муниципалдык менчике кабыл алуу
Сессиянын жүрүшүндө Жамашев көчөсүндөгү муниципалдык 4 батирди тикелей сатуу, укук бузуулар комиссиясынын курамын өзгөртүү, Жаштар комитетинин түзүү, шаарга келген 50 автобусту муниципалдык менчике кабыл алуу боюнча токтом долбоорлору сунуш- пикирлер менен колдоо тапты.
Ар түрдүү маселелер учурунда эл өкүлдөрү коомдук транспорттук каттамдардын тейлөө сапатын, шаардагы мыйзамсыз курулуштар, эгиз төрөгөн аялдарга колдоо көрсөтүү сыяктуу маселелерди көтөрүшүп, тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырмаларды беришти.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз