28 ноябрь 2023
Кароолор: (55)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы өттү

27-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибиндеги 7 маселеден сырткары, дагы эки маселе сунушталып, ар түрдүү маселелер да каралды.
1. Жалал-Абад шаары боюнча 2024-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу ( дем берүүчү ) гранттар аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлорду жактыруу жана үлүштүк каржылоосун макулдашуу жөнүндө
2. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына муниципалдык жер тилкесин оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
3. Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүндөгү 2000 чарчы метр жер тилкесине көп кабаттуу турак жай курууга макулдук берүү жөнүндө.
4. Д.Малашев жана Курманбек көчөлөрүндөгү жер тилкелердин укуктук зоналык категориясын өзгөртүү жөнүндө
5. Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин социалдык көп кабаттуу турак жай куруу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берүү
6. Жалал-Абад шаарында эскилиги жеткен муниципалдык имаратты бузууга макулдук берүү жана мечитке жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
7. Туркутуу комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Сессиянын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелердин токтом долбоорлору депутаттар тарабынан талкууга алынып, өзгөртүү толуктоолор менен колдоого алынды.
Мындан сырткары, ар кандай маселелерде мыйзамсыз курулуштар, социалдык мекемелердеги көйгөйлөр, тазалык, коммуникация боюнча бир катар маселелер көтөрүлүп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмалар берилди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз