23 октябрь 2023
Кароолор: (86)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы өттү

Бүгүн, 23-октябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана депутаттар катышты.
Сессияда Жалал-Абад шаарынын күнүн белгилөө боюнча аткаруу бийлигинен келип түшкөн сунуш каралды. Сунуш бир добуштан колдоо таап, 26-октябрды “Жалал-Абад шаарынын күнү" катары белгилөө бекитилди.
Эске салсак, 2023-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгы белгиленмекчи.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз