28 сентябрь 2023

Кароолор: (54)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы өттү

Бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессияда төмөндөгү 6 маселе каралып, бир катар суроо-сунуштар, өзгөртүү, толуктоолору менен эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

1. Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки башкы планын бекитүү жөнүндө.

2. Жалал-Абад шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын (имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн ) К3 зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө.

3. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында жайгашкан Төш-Кутчу айылына заманбап кичи футболдук аянтчасын куруу долбоорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө.

4. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкелеринин укуктук зоналарын өзгөртүү жөнүндө.

5. Жалал-Абад шаары боюнча жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө.

6. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2021-2022-жылдар аралыгындагы аудиттин отчету тууралуу.

Мындан сырткары эл өкүлдөрү тарабынан ар түрдүү маселер айтылып, жеринде жетекчилерге сунуштар жана тапшырмалар берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз