05 апрель 2023
Кароолор: (52)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы өттү

Бүгүн, 5 –апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы өттү. Ага шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, калаа мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибине ылайык, депутаттар төмөнкү маселелерди карашты:
1. Ч.Айтамов аймактык башкармалыгына жаӊы кварталдык комитетти түзүү жөнүндө
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 30.09.2021-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №3 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
3. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 26.01.2022-жылдагы XIII сессиясынын №4 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө; («сугат» жерди «кайракы» деп өзгөртүүгө)
4. Спутник аймактык башкармалыгынын Манас көчөсүнүн №144 кварталында жайгашкан 10740,0 чарчы метр муниципалдык(мурдагы автогараждардын орду) жертилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө
5. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 06.03.2023-жылдагы XXVI сессиясынын №11 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.
6. Ар түрдүү маселелер
Күн тартибине коюлган 1-2-3 –маселелер талкууга алынып, өзгөртүү, толуктоолор менен бир добуштан макулдук берилди.
Ал эми 4-маселе боюнча кайчы пикирлер жаралып, Спутник кичи шаарчасындагы Манас көчөсүнүн №144 кварталында жайгашкан 10740,0 чарчы метр муниципалдык(мурдагы автогараждардын орду) жертилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндөгү токтом долбоору өзгөртүү, толуктоолор менен колдоо тапты. Бул маселе боюнча аткаруу бийлигине ишти жоопкерчилик менен мыйзам чегинде алып барууну эскертишти.
Ар түрдүү маселелер учурунда депутаттар тарабынан шаардагы мыйзамсыз курулуштар, кызыл сызыкка чыгып кеткен имараттар, борбордук базардын санитардык абалы, шаардагы көрктөндүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн органдардын жүргүзгөн иштери сынга алынды.
Мындан сырткары, муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө жана шаарга социалдык объектилерди куруу зарылдыгы боюнча мэрге сунуштарын айтышты.