18 январь 2024

Кароолор: (68)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңеште болушту.

Бүгүн, 18-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда шаардык кеңештин депутаттары тарабынан аймактагы бир катар көйгөйлөр айтылып , шаардын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү, социалдык, коммуналдык тармактарын жакшыртуу багытындагы маселелер талкууланды.

Жогорку Кеңештин депутаттары болсо, бул багытта жергиликтүү кеңештин депутаттары менен тыгыз байланышта иш алып барууда бардык аракеттер көрүлөрүн белгилешти.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз