03 май 2023
Кароолор: (56)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тажрыйба алмашуу максатында Ош шаарында болуп кайтышты

27-28-апрель күндөрү Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган эл өкүлдөрү Ош шаарына тажрыйба алмашуу максатында барышты. Иш сапардын алкагында муниципалдык мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып чыгышты. Иш-чаранын экинчи күнү спорттук иш-чара менен коштолуп, 6 шаардан келген эл өкүлдөрүнүн ортосунда кичи футбол мелдеши менен жыйынтыкталды. Футболдо Нарын шаардык кеңеши 1-орунду, Талас шаардык кеңеши 2-орунду ээлесе, 3-орунду Жалал-Абад шаардык кеңешинин командасы багындырды. Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Ош шаардык кеңеши тарабынан атайын кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылды. Эскерте кетсек, тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлгөн иш сапар алгачкы жолу 2022-жылдын июль айында Жалал-Абад шаарында башталган болчу. Алдыда 7 дубандын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын жолугушуулары улантылмакчы.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз