12 март 2024

Кароолор: (115)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫ АЙМАКТЫК РЕФОРМАНЫН НАТЫЙЖАСЫНДА 79 БОЛДУ

 Бүгүн, 12-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXVIII сессиясы өттү. Сессиянын башында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгына ылайык, "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик - аймактык реформанын" алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндөгү убактылуу Жобонун алкагында депутаттар мындан ары өз ишмердүүлүгүн улантып, ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу айтылды.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 31 болгон болсо, шаарга бириккен айыл аймактардан келген депутаттар кошулуп, жалпы 79 эл өкүлү болду.

Тактап айтканда, Таш - Булак айыл аймагынан 31, Ырыс айыл аймагынан 12, ал эми Барпы айыл аймагынан 5 депутат кошулду.

Күн тартибинде 4 маселе каралды.

Алар:

1. Депутаттардын Жалал- Абад шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

3. Жалал-Абад шаардык кеңешинин Жобосу жөнүндө

4. Ж. Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан (мурдагы түрмөкананын орду) жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча макулдук берүү жөнүндө

Кезексиз сессия айыл аймактардан келген айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусунда уюштуруу иретинде өтүп, күн тартибине коюлган маселелер талкууга алынды.

Биринчи маселе боюнча сунушталган токтом долбоору өзгөртүү, толуктоолор менен бир "калыс", калгандары "макул" деген добуш менен колдоо тапса, экинчи маселе боюнча туруктуу комиссия курамынын төрагалары жана мүчөлөрү бекитилди. Буга чейин 4 депутаттык туруктуу комиссия курамы иш алып барып келген болсо , мындан ары 6 комиссия иш жүргүзөт.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин Жобосу өзгөртүү, толуктоолор менен бекитилип, 4-маселени депуттар бир добуштан колдоп беришти.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз