17 апрель 2024
Кароолор: (62)
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары "Достук кербени" иш-чарасынын алкагында Баткен шаарында болуп кайтышты

13-14-апрель күндөрү Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган эл өкүлдөрү Баткен шаарына тажрыйба алмашуу максатында барышты. Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусу Баткен облустук Апаз Жайнаков атындагы музыкалык - драма театрында башталды. Анда, Президеннттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаевге Ардак грамота тапшырса, Жалал- Абад шаардык кеңеши Лейлек районунунун Мамлекеттик администрациясынын "Ыраазычылык баракчасы" менен сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Мадина " эстелигине барышып, анда Баткен чек арасындагы чыр-чатакта баатырларча курман болгондордун жаркын элесине арналып куран окулду.
Иш-чаранын экинчи күнү спорттук иш-чара менен коштолуп, 8 шаардан келген эл өкүлдөрүнүн ортосунда кичи футбол мелдеши менен жыйынтыкталды.
Футболдо Жалал- Абад шаардык кеңеши 2- орунду багындырды. Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан атайын кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылды.
Эскерте кетсек, тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлгөн иш-чара алгачкы жолу 2022-жылдын июль айында Жалал-Абад шаарында башталган болчу. Максаты - тажрыйба алмашуу, өз ара байланыштарды чыңдоо жана сергек жашоо образын пропагандалоо болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз