05 апрель 2023

Кароолор: (68)

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутаттар келди

Бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын алдында төрага Нуртилек Орозбаев жана мэр Эрнисбек Ормоков “Ата Журт Кыргызстан ” саясий партиясынан Бекешова Уларкан Жакыповна жана Даминов Согдиан Таджидиновичке төш белги жана күбөлүк тапшырды.

Жаңы депутаттар “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Джолдошев Айбек Дөөлөтбековичтин жана Кебекова Жаннатхан Батырбековнанын ордуна келди.

Белгилей кетсек, Айбек Джолдошев Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары кызматына дайындалгандыгына байланыштуу мандатын тапшырган. Ал эми Жаннатхан Кебекова өз арызы менен мандатын тапшырган болчу.