28 август 2024
Кароолор: (81)
Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди

27-август күнү, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясынын алдында Бөрүбаева Бегимай Бөрүбаевнага депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылды.
Ал "Ыйман-Нуру" фракциясынан мандатын тапшырган Кожоева Уулкан Азизбекованын ордуна келди.
Эл өкүлүнө депутаттык төш белги жана күбөлүктү шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Саматов тапшырып, эл өкүлүнүн ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз