18 октябрь 2023
Кароолор: (65)
Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди

17-октябрь күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясында төрага Нуртилек Орозбаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков "Ыйман нуру" саясий партиясынан Салиев Зарылбек Алимжановичке төш белги жана күбөлүк тапшырып, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Ал өз арызы менен мандатын тапшырган «Ыйман нуру» саясий партиясынын депутаты Түгөлбай Сейдалиевдин ордуна келди.
Салиев Зарылбек Алимжанович учурда “Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүндө эмгектенет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз