30 май 2023
Кароолор: (69)
Жалал-Абад шаардык кеңешине үч жаңы депутат келди

Бүгүн, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясынын алдында "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесиндеги Маманов Каныбек Тойчубековичке, Исматуллаев Эркин Эргашходжаевичке жана Эркулова Мадина Абдурашидовнага мандат тапшырылды.
Депутаттарга күбөлүк жана төш белгини шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков тапшырып, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.
Эскерте кетсек, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Заттарбек Боронбаев Жалал-Абад шаардык “Жол” башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалгандыгына байланыштуу мандатын тапшырган. Ал эми аталган фракциянын депутаттары Караева Наргиза Ибраимовна жана Каримов Бабаравшан Сапарбекович өз арызы менен мандатын тапшырган болчу.