28 июль 2023

Кароолор: (55)

Жалал-Абад шаардык кеңеши кеңейтилген жыйын өткөрдү

 Кеңейтилген жыйынга Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде төмөнкү 5 маселе каралды:

1. Жалал-Абад шаарынын О.Кошевой көчөсү № 62 жана №10 дарегиндеги муниципалдык имараттардын жараксыз абалы жөнүндө

2. Жалал-Абад шаарынын М.Бабкин көчөсү кеңейип жаткандыгына байланыштуу № 4 гимназия мектебинин 119,0 чарчы метр жана М.Бабкин атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын имаратынын короосунан 54, 9 чарчы метр жолго алынып жаткандыгы жөнүндө

3. Жалал-Абад шаарына көп кабаттуу үй куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

4. КР УКМК нын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкери полковник Таалайбек Турсунбаевге берилген Жалал-Абад шаарынын Тарсус кичи көчөсүнүн №1/2 дарегинде жайгашкан кызматтык батирди менчиктештирүү жөнүндө

5. Жалал-Абад областынын ИИБнын кызматкери, милициянын майору Мусабек Мадаминовго берилген Спутник кичи шаарчасы Тарсус №2 / 5 а дарегинде жайгашкан кызматтык батирди менчиктештирүү жөнүндө

1-маселе боюнча сунуш-пикирлер айтылып, имраттын учурдагы абалы жана анда жаралып жаткан жагдайлар боюнча кеңири талкуу болуп, маселе келерки сессиянын кароосуна жиберилди. 2 –маселе боюнча шаардык билим берүү бөлүмүнөн келген адистин пикири угулуп, Бабкин көчөсүн кеңейтүүдө келип чыккан жагдайлар эске алынып, маселе сессиянын кароосуна жиберилмей болду. 3-маселеде талаш-тартыш пикирлер орун алып, аткаруу бийлиги тарабынан чийки сунушталганы айтылып, маселени кароодон баш тартышты.

Ал эми, 4-5 маселедеги муниципалдык кызматтык батирлерди менчиктештирип берүүнүн ордуна шаарга пайдалуу багытта иштетүү жана мыйзамдуу жагын карап чыгуу боюнча Муниципадык менчик башкармалыгынын башчысы Ж . Борукуловго тапшырма берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз