03 март 2023

Кароолор: (135)

Жалал-Абад шаардык кеңеши кеңейтилген жыйын өткөрдү

 Бүгүн, 2-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана эл өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйын өттү.

Анда шаардык кеңешке аткаруу бийлигинен, мекеме-ишканалардан жана жарандардан келип түшкөн каттар боюнча талкуу жүрүп, айрымдары боюнча кайчы пикирлер да жаралды. Атап айтканда республикалык бюджеттен бөлүнүүчү 2 млрд. сом акча каражатына курулуучу объектилер, Жалал-Абад шаарынын “2023-2026 –жылдарга туруктуу стратегиялык өнүгүү” программасы, “Түшүм –Суу” СПА (Суу пайдалануучулар ассоциациясы) балансында турган 52 чакырым ички каналдарын мэриянын балансына кабыл алуу жөнүндөгү маселелер талкууга алынып, талаш-тартыш, сунуш-пикирлер менен сессиянын кароосуна жиберилди.

Ал эми "Борбордук базар”, “Шабдалызар”, “Строймаркет” базарларынын төлөмдүк тарифтерин көтөрүү боюнча шаардык мэриядан келип түшкөн сунуш артка кайтарылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз