15 февраль 2023

Кароолор: (31)

Жалал-Абад шаардык кеңеши кеңейтилген жыйын өткөрдү

 Бүгүн, 14-февралда Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана эл өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйын өттү .

Күн тартибинде 8 маселе каралды. Анда борбордук базар боюнча соодагерлерден келип түшкөн арыздар, Энергетик көчөсүндөгү № 2 үйдүн жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча аталган үйдүн жашооочусунун арызы, Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөр жөнүндө, Ж.Бакиев көчөсүндөгү №27 дарегиндеги жер тилкенин ижара мөөнөтүн узартуу, Жалал-Абад шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана саркынды сууга болгон тарифтери жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү, шаардын атынан чыккан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын жергиликтүү бюджеттен сыйлоо, шаар аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү маселелер каралды.

Жыйындын башында Ленин көчөсүндөгү кызыл сызыкка чыккан имараттардын ээлери менен биргеликте тиешелүү мекеменин жетекчилери жана эл өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринен барып өлчөө боюнча протоколдук тапшырма берилди.

Энергетик көчөсүндөгү № 2 үйүнүн жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча аталган үйдүн жашооочусунун арызы мыйзам чегинде каралаарын, ал эми Жамашев көчөсүндөгү №135 дарегиндеги көп кабатту үйлөр жашоочуларга ыңгайлуу болгон базар баасында бааланышы керек экендиги айтылды.

Ж.Бакиев көчөсүндөгү №27 дарегиндеги жер тилкесинин ижара мөөнөтүн узартуу, Жалал-Абад шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана саркынды сууга болгон тарифтери жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө, шаар аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү Жобону бекитүү жөнүндөгү бир катар маселелер сессияда карала турган болду.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз