04 декабрь 2023

Кароолор: (104)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ИЧКИ ИШТЕР БӨЛҮМҮНҮН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

 30-ноябрь күнү Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылуу аземи болду. Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милиция кызматкерлери катышты.

 Шаар мэри милиция кызматкерлерин жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, жүктөлгөн милдеттерин так аткарууга, кылмыштуулукту азайтуу менен катар коррупциялык иштерден алыс болууга чакырды.

 Белгилей кетсек, жаңы имарат ИИМдин, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

 Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы имараты болсо, алдыда бала бакча болушу күтүлүүдө. Бул багытта калаа бийлиги тийиштүү мекемелерге сунуш берген. Ал колдоого алынса, шаарда балдар үчүн дагы бир бала бакча иштей баштайт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз