18 декабрь 2024

Кароолор: (263)

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезексиз сессиясы өттү

 17- декабрда Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз 2-сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде 1маселе каралды:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигине караштуу жер тилкесин муниципалдык менчикке убактылуу пайдаланууга өткөрүп алуу жөнүндө

Сессиянын жүрүшүндө күн тартибине коюлган маселелер талкууга алынып, сунуш-пикирлер менен колдоо тапты.

Ошондой эле, сессияда ар түрдүү маселелер көтөрүлүп, анда депутаттар шаардагы билим берүү, тазалык, электр энергиясы, жол тыгыны, окуучулардын жолдо журүү коопсуздугу, автобустардын каттам учурунда жаратып жаткан кемчиликтери сыяктуу көйгөйлүү маселелер ортого салып, жетекчилерге жеринде тапшырмалар берилди.

Сессиянын соңунда аткаруу бийлигине ар түрдүү маселелер боюнча суроо-сунуштар айтылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз