29 ноябрь 2024

Кароолор: (140)

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы болуп Турдубеков Орозбек Турдубекович шайланды.

 28-ноябрда өткөн шаардык кеңештин кезектеги уюштуруу сессиясында жабык добуш берүү менен 40 депутаттын 37си шайлады.

Төраганы шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана депутаттар куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Турдубеков Орозбек Турдубекович.

- 1992-жылы 16-мартта Жалал-Абад шаарында туулган.

- Билими жогорку.

- Жалал-Абад шаарындагы К.Ш Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин экономика жана менеджмент адистигин аяктаган.

- Үй бүлөлүү, 3 баланын атасы.

- Ал буга чейин"ЖБЗ Жалал-Абад бетон заводу" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана жетекчиси катары иштеп келген.

- 2024-жылдын 28-ноябрынан тарта Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз