23 апрель 2024

Кароолор: (72)

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXXI сессиясы өттү

22- апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешенин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев, депутаттар, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибиндеги 1 маселе жана ар түрдүү маселелер каралды.

Биринчи маселе боюнча Жалал-Абад шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндөгү токтом долбоору каралды. Анда эл өкүлдөрү тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, суроо-жооптор менен коштолду.

Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деӊгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жалал-Абад шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасынын токтом долбоору бир добуштан колдоо тапты.

Ар түрдүү маселелер учурунда эл өкүлдөрү, учурда сел коркунучу жаралып жаткан аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча аткаруу бийлигине суроолорду узатышты. Мындан сырткары, жол чырактарды, жөө адамдар өтүүчү белгилерди орнотуу сыяктуу бир топ маселелерди көтөрүштү. Калаа башчысы келтирилген сунуштар боюнча жеринде жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз