28 август 2024

Кароолор: (59)

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин IX чакырылышынын XLIV сессиясы өттү

27-августта Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы өттү.

Ага Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1.Жалал-Абад шаарындагы участкалык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлдердин курамын макулдашуу жөнүндө

2.Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин токтомдору жөнүндө

3.Жалал-Абад шаарындагы жер тилкеси жөнүндө

4.Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги кызматтык батирди менчиктештирүү жөнүндө

5.Жалал-Абад шаардык Жол башкармалыгынын акы алып кызмат көрсөтүүнүн наркына макулдук берүү жөнүндө

6.Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 15.10.2014-жылдагы XIIIV сессиясынын № 8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

7.Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга долбоору жана 2026-2027 жылдарга божомолун жактыруу жөнүндө

8.Жалал-Абад шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу (дем берүүчү) гранттар аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлорду жактыруу жана үлүштүк каржылоосун макулдашуу жөнүндө

9.Жалал-Абад шаарынын Ы.А. Айсариев көчөсү № 117 дарегинде жайгашкан «Курманбек баатыр» атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин «Лидер» башталгыч мектебинин имаратынын ижара акысын бекитүү жөнүндө

10.Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын Ырыс айылындагы Б.Абжаббаров көчөсүнүн капиталдык ремонтунун долбооруна макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө

11. Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчике өткөрүп алуу жөнүндө.

12.Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин Евразия өнүктүрүү банкына пайдаланууга берүү жөнүндө

13.Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Бал таңгактоочу жабдуударды өткөрүп алуу жөнүндө

14.Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана муниципалдык жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө

15.Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын курамындагы «Көлмө» айылы жөнүндө

16.Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү бузууга уруксат берүү жөнүндө

17.Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык»ЛЭД» электрондук экрандардын ижара тарифтерин бекитүү жөнүндө

18. Муниципалдык "Шабдалы-Зар" базардын тарифи жөнүндө

19. Жалал-Абад шаарындагы жер тилкелерин муниципалдык менчике кабыл алуу, алмашуу жөнүндө

20. Жалал-Абад шаарындагы № 19 мектептин спорт залын И. Раззаков атындагы спорт мектеби менен чогуу пайдалануу жөнүндө

Сессиянын жүрүшүндө күн тартибине коюлган маселелер талкууга алынып, сунуш-пикирлер менен колдоо тапты.

Сессиянын соңунда аткаруу бийлигине ар түрдүү маселелер боюнча суроо-сунуштар айтылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз