15 март 2023
Кароолор: (71)
Жалал-Абад шаардык Аскер комиссариаты тарабынан “Жоокер ыры” аттуу сынак өттү

Жалал-Абад шаардык Аскер комиссариаты тарабынан “Жоокер ыры” аттуу сынак өттү. Сынакка район-шаарлардан келген 33 окуучу катышты. Иш-чара облустук балдар чыгармачылык үйүндө уюштурулуп, окуучулар патриоттук ырларды жандуу үн менен аткаруу аркылуу күч сынашты.
Уюштуруучулар сынактын максаты жаштардын мекенге болгон патриоттук сезимин күчөтүү экениндигин белгилешет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз