18 декабрь 2024
Кароолор: (250)
Жалал-Абад шаардык аймак таануу музейине жаңы жетекчи дайындалды

Жалал-Абад шаардык аймак тануу музейине Темирова Жамийла Жумабаевна жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.
Жаңы дайындалган жетекчини бүгүн, 18-декабрь күнү, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.
Жамийла Темирова буга чейин Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Маалымат борборунда веб-сайттын администратору кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, аталган мекемени буга чейин Зеринса Шериева жетектеп келген. Ал шаардык кеңешке депутат болуп шайлангандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз