31 март 2023
Кароолор: (54)
Жалал-Абад шаардык аймак таануу музейине жаңы жетекчи дайындалды

Бүгүн, 30-март күнү Жалал-Абад шаардык аймак тануу музейине Шериева Зарниса Бегалиевна жетекчи болуп дайындалды. Жаңы жетекчини калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалашты.
Зарниса Шериева буга чейин №18 “Манас 1000” орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип келген. Ошондой эле, шаардык кеңештин IX чакырылышынын депутаты болгон.
Белгилей кетсек, аталган мекемени бир топ жылдан бери жетектеп келген Венера Мусина ардактуу эс алууга чыкты.