14 июль 2025

Кароолор: (33)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН ТӨРАЙЫМЫ КЫЗМАТЫН ТАПШЫРДЫ

 Жалал-Абад шаардык аялдар кеңешин 10 жылдан бери жетектеп келген Саламат Мусаева кеңештин кезектеги отурумунда кызматын тапшырды. Аталган жыйынга шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаттары жана кеңештин курамындагы энелер катышты.

Шаар мэри аялдар кеңешин көп жылдар бою жетектеп, шаардын өсүп-өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошуп, аялдардын коомдогу ордун көтөрүүдө эбегейсиз эмгек жумшаган Саламат Мусаевага терең ыраазычылык билдирип, мындан ары да жаштарга кеп-кеңешин берип, бактылуу өмүр сүрүшүнө тилектеш экендигин билдирди.

 Жыйында Саламат Мусаева 10 жыл ичинде аткарылган жумуштары боюнча отчетун берип, кеңешке жаңы мүчө болгон аялдарга жана 7 аймактык башкаруу жана башкармалыктардан төрайымдын орун басарларына күбөлүк, төш белгилерди тапшырып, ишмердүүлүгүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши тарабынан Жалал-Абад шаардык аялдар кеңешинин жобосуна өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, төрайымдын жаш курагы 30 жаштан, 65 жашка чейин болушу керектиги көрсөтүлгөн. Ал эми Саламат Мусаеванын жашы белгиленген курактан жогору болгондуктан кызматын тапшырды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз