24 октябрь 2024
Кароолор: (90)
ЖАЛАЛ-АБАД САНАТОРИЯСЫНДА ЖАҢЫ А-ФРЕЙМ КОТТЕДЖДЕРИ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн, 24-октябрда "Жалал-Абад" А-фрейм тибинде курулган 4 коттедж пайдаланууга берилди. Ачылуу аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, санаториянын эмгек жааматы жана коноктор катышты.
Шаар мэри "Жалал-Абад" санаториясынын эмгек жамаатын коттедждердин ачылышы менен куттуктап, санатория өнүгүү жолунда экенин баса белгиледи. Ошондой эле, ийгиликтердин артында ар бир кызматкердин эмгеги зор экендигин кошумчалап, аталган жайда жаңылануулар, ийгиликтер арбын болушуна тилектештигин билдирди.
Белгилей кетсек, "Жалал-Абад" санаториясына өткөн жылы 12 миң 298 эс алуучу келип, жалпы 142 млн сомго жакын киреше менен тапкан.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз