30 март 2023
Кароолор: (55)
Жалал-Абад: Өздөрүнө ыңгайлуу шарт түзгөн жашоочулар

Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу үйдүн жашоочулары каражат жыйнап, өздөрү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдындагы 150 метр жолго щебень төшөп, 110 метр аралыкка темир-бетон арык куурларын жаткырышты. Жашоочулардын демилгесин шаар бийлиги колдоого алып, мэриянын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти курулушка көмөк көрсөттү.
Белгилей кетсек, жыл сайын катуу жааган жаандан улам аталган көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө суу кирип, жашоочуларга бир топ ыңгайсыздыкты жаратып келген.