11 апрель 2024
Кароолор: (118)
ЖАЛАЛ-АБАД: ОРОЗО АЙТ НАМАЗЫ МЕЧИТТЕРДЕ ОКУЛДУ

10-апрель күнү Жалал-Абад шаарындагы жума намаздар окулуучу мечиттерде Орозо Айт намазы окулду. Ал эми Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, облустун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков жүздөгөн шаар тургундары жана коноктору менен бирге шаардын борбордук мечитинде Айт намазын окушту.
Шаар мэри жалпы мусулмандары ыйык Орозо Айт майрамы менен куттуктап, өлкөбүзгө жана элибизге тынчтык, бейпил жашоо каалады.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз