23 июнь 2025
Кароолор: (36)
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ООРУКАНАСЫНДА 7 КАБАТТУУ ИМАРАТТЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

22-июнь күнү, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы корпусуна капсула салуу аземи орун алды. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, 7 кабаттуу заманбап ооруканынын курулушуна старт берилди.
Учурда 2 жарым гектарга жакын аянтка 280 орундуу жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп, 2026-жылдын ушул мезгилине бүткөрүү пландалган.
Эске салсак, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен буга чейин оорукананын айланасындагы соода түйүндөрү, дарыканалар, оорукананын аймагындагы эскилиги жеткен жана жеке менчик клиникалар буздурулуп, оорукананын жеке менчикке өтүп кеткен жерлери кайтарылган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз