01 апрель 2025

Кароолор: (118)

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ООРУКАНАСЫНА 7 КАБАТТУУ ЖАҢЫ ИМАРАТ КУРУЛУП, ООРУКАНАНЫН АЙМАГЫНДАГЫ МЕНЧИКТЕШТИРЛГЕН ЖЕ ИЖАРАГА БЕРИЛГЕН ЖЕРЛЕР КАЙТАРЫЛАТ

 31-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, ЖК депутаты Айбек Маткеримов Жалал-Абад облустук ооруканасына барды. Анда жаңы имаратты куруу маселеси жеринде каралып, имарат 7 кабаттан туруп, анын чатырына тик учак үчүн конуу аянтчасы да курулаары айтылды.

 Камчыбек Ташиев облустук оорукананын аймагындагы эскилиги жеткен имараттарды бузуу тапшырмасын коюп, жеке менчик клиникаларды, өз алдынча куруп алган турак-үйлөрдү дагы оорукана аймагынан чыгаруу, оорукананын айланасын иретке келтирүү тапшырмасын койду.

 Оорукана тийиштүү медициналык-техникалык каражаттар менен жабдылат жана аймагында бейтаптар үчүн жашыл аймактарды курууга басым жасалат.

 Жаңы имараттын курулуш иштери ушул жылы башталат. Ага жалпы 900 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшалаары айтылды. Камчыбек Ташиев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бул каражат камсыз кылынаарын белгиледи.

 Аталган оорукана облустук болгондуктан Жалал-Абад облусунун бардык райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан келип даарылангандар көп. Мындан улам бейтаптар үчүн орундар жана медициналык персоналдын жетишсиздиги көйгөй жаратып келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз