27 январь 2025
Кароолор: (202)
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ ИШКЕРЛЕРГЕ ЖЫЛДЫК 2% МЕНЕН БЕРИЛҮҮЧҮ НАСЫЯ БОЮНЧА ИШКЕРЛЕРГЕ МААЛЫМАТ БЕРДИ

Жалал-Абад шаарынын мэриясында Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Финансы-кредиттик фондунун Жалал-Абад облусундагы аймактык бөлүмү жана ишкерлердин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Анда, жергиликтүү ишкерлерге экономикалык долбоорлор менен иштөөнүн багыттары, жылдык 2% жеңилдетилген насыяларды алуунун шарттары боюнча маалыматтар айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө мындагылар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин ортого салып, кызыктырган суроолорго адистер тарабынан жоопторду алышты.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз