20 май 2025
Кароолор: (30)
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАСЫНЫН АЙЛАНАСЫ ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛИП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен облустук клиникалык оорукананын айланасындагы (муниципалдык жердеги) дарыканалар, соода түйүндөрү буздурулуп жатат.
Мындагы 10дон ашуун курулушту ыктыярдуу түрдө буздуруу боюнча мэриянын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан жыл башынан бери бир канча жолу эскертүүлөр берилген. Ошондой эле, ижарачылар менен келишимдер токтотулган.
Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын айланасын иретке келтирүү, эскилиги жеткен имараттарды буздуруу боюнча шаар мэрине, облус башчысына жана оорукананын жетекчисине тапшырмаларды берген.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз