20 март 2023

Кароолор: (49)

Жалал-Абад: “Мурас Юнайтед» жана “Нефтчи” футболдук клубдары маалымат жыйын өткөрүштү

Бүгүн, 20-мартта Жалал-Абаддын «Мурас Юнайтед» жана Кочкор –Атанын “Нефтчи” командаларынын өкүлдөрү массалык маалымат каражаттарына маалымат жыйын өткөрүштү. Анда 21-мартта "Курманбек" стадионунда өтүүчү “Нооруз” кубогуна арналган жолдоштук беттешке даярдыктары боюнча маалымат беришти.

Маалым болгондой, “Нооруз” кубогунун жолдоштук беттешүүсүнө “Нефтчи” (Кочкор-Ата) командасы Ош шаарында машыгууларды өткөрүп жатышса, Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” командасы Жалал-Абадда машыгууларды өткөрүүдө. Командалар футболдук беттешке толугу менен даярдык көрүлгөнүн, футбол сүйүүчүлөр үчүн мыкты оюн көрсөтүшөөрүн билдиришти.

 Белгилей кетсек, "Нооруз" кубогу үчүн достук беттеш 21-март күнү, саат 14:30 да “Курманбек” стадионунда башталат.