18 апрель 2023

Кароолор: (60)

Жалал-Абад: Мектеп окуучулары арасында Аскерге чейинки даярдык боюнча 8-республикалык спартакиаданын областтык туру өтүп жатат

Бүгүн, 18-апрелде Жалал-Абад шаарындагы № 9 Р.Санатбаев атындагы инновациялык мектеп- гимназиясында 10-11-класстын окуучулары арасында Аскерге чейинки даярдык боюнча 8-республикалык спартакиадасынын облустук туру башталды.

Спартакидага Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген 11 команда күч сынашууда. Алардын арасында Жалал-Абад шаарындагы №10 Т.Кошматов мектебинен “Тайманбас” командасы да бар.

 Сынакта командалар аскердик саптык даярдык, граната ыргытуу, автоматты толук эмес чачуу жана жыйноо, турникке тартынуу, 1чакырым аралыкка чуркоо боюнча күч сынашат.

 Облустук турда жеңүүчү аталган команда, республикалык турга катышууга жолдомо алат.