23 март 2023

Кароолор: (51)

Жалал-Абад: Мамлекеттик тилде жазылбаган көрнөк-жарнактар алынууда

 Бүгүн, 23-мартта тийиштүү адистерден турган комиссиялык топ шаардын борбордук көчөлөрүндөгү мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга рейд уюштурду. Рейддин жүрүшүндө Нагима Айтматова көчөсүндө 20га чукул мамлекеттик тилде жазылбаган, эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар жеринде алынып, менчик ээлерине эскертүүлөр берилди.

 Мындай текшерүүлөр алдыда улантылат.