30 июнь 2023
Кароолор: (56)
Жалал-Абад: Куткаруучулардын кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, 30-июнь күнү Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 1-июль - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын кесиптик майрамы белгиленди. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана куткаруучулар катышты.
Жетекчилер куткаруучулардын кесиптик майрамы менен куттуктап, үзүрлүү эмгектенген куткаруучуларга Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды.