18 март 2023
Кароолор: (49)
Жалал-Абад: Кичи футбол боюнча республикалык “Достук” кубогу өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда дене тарбия жана спорт кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча республикалык “Достук” кубогу өтүп жатат. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, дене тарбия жана спорт кызматкерлери катышты.
Спорттук иш-чарада өлкө аймагынан келген жалпы 10 команда күч сынашууда.
Жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз