03 июнь 2024

Кароолор: (6)

ЖАЛАЛ-АБАД: ФУТБОЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДАНЫН ОЮНЧУЛАРЫ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРДЫ ЖАНА ЖАШ ФУТБОЛЧУЛАРДЫ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

 Жалал-Абад шаарында машыгуу өткөрүп жаткан Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана башкы машыктыруучу Штефан Тарковичтин катышуусунда "Курманбек" стадионунда жаш футболчуларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык маанай тартуулаган фестиваль уюштурулду.

 Фестивал Жалал-Абад шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмү жана Кыргыз футбол биримдигинин Жалал-Абад облустук футбол ассоцияциясы тарабынан уюштурулуп, ага жалпысынан 150гө жакын жаш өспүрүмдөр катышты.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз